Мазмунга өтүү

Зощенко Михаил Михайлович

Википедия дан

Зощенко Михаил Михайлович - [28.7(9.8).1894, Санкт-Петербург 22.7.1958, Ленинград] орус жазуучусу, сатирик. Чыгармачылыгы 1922-жылдан башталган. Анын биринчи китеби «Мырза Синебрюхов Назар Ильичтин аңгемелери». Зощенко өзгөчө баяндоо формасындагы сатиралык аңгемелеринде («Көгүш китеп», 1935) тайкылыктын бетин ачкан. «Мишель Синягин» (1930), «Кайтарылган жаштык» (1933), «Керенский» (1937), «Тарас Шевченко» (1939) ж. б. повесттери жана «Таар сумка» (1939) сатиралык пьесасы, ошондой эле «Күн чыгар алдында» (1-бөлүк, 1943; 2-бөлүк «Акыл жөнүндө повесть» деген ат менен 1972-ж. жарыяланган) аттуу эссе-повести бар. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]