Зубр

Википедия дан
Зубр.

Зубр (лат. Bison bonasus, L. 1758) — көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы ача туяктуу жаныбар. Дене узундугу 3,5 м, бийиктиги 2 мге, салм. 1,2 тга жетет. Башы чоң, мүйүзү кыска. Маңдайында көкүлү, ээгинде сакалы, көкүрөгү менен жонунда жалы бар. Өңү күрөң. Жыныстык жактан 2-3 жашында жетилет, 1 эркеги, 2-6 ургаачысы чогуу жашайт, 9 ай көтөрүп, август сентябрда 1 музоо тууйт. Өсүмдүк менен азыктанат. Зубрлар Европа токойлорунда көп болгон. Азыр жапайы түрүндө кездешпейт. 20-кылымдын башында коруктарда гана сакталган. Аны көбөйтүүнүн натыйжасында сактап калууга мүмкүн болду. Таза кандуу зубрдан башка аргындары өстүрүлгөн. Европанын бир катар өлкөлөрүндө атайын өстүрүүчү жайларда, Беловежа чер токоюнда, корук ж. б. жайларда асыралат. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]