Зубун

Википедия дан

Зубун (моңг. зуу — “жүз”) — "Манас" эпосунда калмактардын уруу, топ, бөлүк, аскер бөлүгү маанилеринде айтылат: “Зубун-зубун калмактар, Эр өлгөн айылга барыптыр” (Сагымбай Орозбаков, 1. 154); “Майданга Манас барыптыр, Аны көрүп акырын, Зубундап ураан чакырып, Сайкал жөнөп калыптыр” (СО. 2. 60).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4