Зыгырлар тукуму

Википедия дан

Зыгырлар тукуму (Linaceae) - эки үлүштүү өсүмдүк тукуму. Бир же көп жылдык чөп.

Сабагы топтошуп, кээде бирден осет, бийиктиги 10150 см. Жөнөкөй жалбырактары сабакка кезектешип же туташ жайгашат. Гүлү эки жыныстуу, туура түзүлүштүү, көбүнчө 5 мүчөлүү. Топ гүлү чачыдай, калканчадай. Желекчелери көк, көгүш, кызыл, кызгылт, сары, ак. Мөмөсү - кутуча. Уругу жалпак, жалтырак, күрөң. Жер жүзүндө 300гө жакын, Кыргызстанда 10 түрү белгилүү. Анын ичинен кадимки зыгыр була, жапыз зыгыр май алуу үчүн өстүрүлөт. Жапайы өскөн түрлөрүнүн ичинен чөйчөкчө жалбыракчалуу жана Ольга зыгыры кооздук үчүн өстүрүүгө ылайыктуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.