Зыгыр майы

Википедия дан

Зыгыр майы - зыгырдын данынан алынган өсүмдүк майы.

Ал бат кургоочу майдын тобуна кирет, анткени абадагы кычкылтектин таасиринен полимерге бат айланат. Бул касиет анын курамында каныкпаган май кислотасынын көп болушу менен түшүндүрүлөт: линол 15-30%, линолен 44-61% жана олиен 13-29%.

Каныккан кислота 9-11%. 20°Сде кинематикалык илээшкектүүлүгү 15,5 10_6 м-сек, иод саны 175-204.

Зыгыр майынын техникалык мааниси зор. Андан бат кургоочу лак, олифа ж. б. даярдалат, сырга кошулат, сүрөт тартууда пайдаланылат. Тамак-ашка кошулуп, медицинада керектелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.