Зыйнат датка

Википедия дан

А к З ы й н а т Т о к т о н а з а р к ы з ы (1800–өлгөн жылы белгисиз) – акын, мамл. ишмер, датка.

Асперди Чот уулунун кызы. Кыргыз аялдарынан чыккан биринчи датка айым. Атасынын азан чакырып койгон ысымы – Ак Зыйнат. Ата-бабасы саруу уруусунун Баркы уруугунан атактуу бийлери болгон. Бала чагы Талас өрөөнүндө өткөн. Анын ордого келип, кийин ордодогу таасирдүү адамдардан болуп калышына 1842-ж. Шераа-лынын (к. Шераалы хан) Кокон хандыгына хан болушу себеп болгон. З. д. Кудаяр хандын энеси Жаркынайымдын бир тууган эжеси. З. д. ордодо кызмат өтөгөн. В. П. Наливкин м-н М. С. Наливкинанын «Ферганада жашаган жергиликтүү аялдардын турмушунан очерктер» аттуу китебинде «Кокондо эки акын аял жашаган, биринчисинин аты Зыйнат, экинчиси Махнуза. Алардын бири эркекче кийинип, ачык жүз м-н хан сарайга келчү экен, анын датка деген наамы болгон. Экөөнүн тең казалдары (ырлары) Омор хан сыяктуу эле «Мажму ат уш шуара» аттуу акындар жыйнагына киргизилген» деп жазылган. Зыйнаттын ырлары Ташкен ш-нын архивдеринде азыр да сакталуу. Өзбек окумуштуусу Х. Бабабековдун жеке китепканасында сакталып турган кол жазмалардын ичинде 1775–1864-ж-да жашаган жүзгө жакын акындардын өзбек, фарсы тилдериндеги ырларынан түзүлгөн жыйнакта Зыйнаттын «Бахру одабий» сөздөрү м-н башталган ыры бар. Бул ырында ал инсанды баарынан жогору коёт, адеп-ахлак, турмуштагы карама-каршылыктар тууралуу философия-лык ой жүгүртүп, алардын бир күнү жок болуп кетишине ишенет, калкты күнгө окшотот. З.д. 1842–68-ж-га чейин хандыктын саясий иштеринде, кыйынчылык күндөрдө сиңдиси Жаркынайымга кеңешчиси катары жардам берип, эже-сиңди бири-бирин колдоп турушкан. З. д-нын сөөгү Кокон ш-на коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]