Зымырык куш

Википедия дан

«Зымырык куш» - (ир. «симург») алп кара куш, баатырлардын колдоочусу, кереметгүү-фантастикалык жөө жомоктордогу укмуштуу куш. Абулкасым Фирдоусинин «Шахнаамасында», «Манаста», «Эр Төштүктө» зымырык куш (алп кара куш) жөнүндө кенен айтылары маалым. Адамдар айбанаттарды аң-сезимдүү деп түшүнгөн байыркы мифтик ишенимдерге байланыштуу келип чыккан мифологиялык түшүнүк. «Зымырык кушту» ар дайым адамга дос, оң образ катарында мүнөздөшкөн. Зымырык куш адам сыяктуу сүйлөө, сезүү касиеттерине ээ болору айтылат. Зарыл учурда адамга жардамга келет, аны көтөрүп учуп, каалаган жерине жеткирет жана башка Мындай фантастикалык куштар чыгыш элдеринин жомокторунда кеңири таралган. Бул уламыш аркылуу адамдар турмуштагы түрдүү кыйынчылыктарды жеңип, алыс, татаал жолду кыскартуу жөнүндөгү учкул кыялын билдиришкен. Атактуу фарси жазуучусу Аттардын «Мантыкут тайир» аттуу аңгемесинде да куштар Зымырык (Симург) кушту өздөрүнө башчы кылабыз деп издешет, бирок аны таба алышпайт. Тоголок Молдонун «Суу куштары», «Боз куштары» чыгармаларын маанилеш катары караганга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]