Зым тарткыч

Википедия дан

Зым тарткыч — ийилгич металлдардан (алтын, күмүш, жез жана башка) жоондугу ар кандай зымдарды жасоого ылайыкталган жөнөкөй зергерлик курал. Ал чоподон кененирээк жана аяк формасында жасалган. Түбүнүн жан жагында ар кандай чоңдуктагы тешиктери болгон. Аны пайдаланардан мурда керектүү бир гана тешиги калтырылып, калгандары чопо менен бүтөлгөн. Зым тарткычтагы металл көөрүктө чогула эрип, андагы атайын көзөлгөн ичке тешиктен куюла баштаган эритиндиге мурунтадан камдалган ичке зымды тийгизип кошуп, сыртка тартканда ичке зым болуп созула берген. Ал зым менен сөйкө, шакек, билерик, чач учтук, желбирөөч, түрдүү купалар, ала таман жана башка атайын кооздук буюмдары жасалган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]