Зындан көмүр кени

Википедия дан

Зындан көмүр кени Ош облусунун Өзгөн районунда Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталында, Доңуздоо жана Зындан сууларынын аралыгындагы кырда, Мырзаке кыштагынан 27 км түндүк тарпта. Кен 1939-жылдан изилденген. 1987–90-ж. издөө–баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кенде 2 кабат жана бир нече ичке кабатчалар белгилүү. Төмөнкү кабат «Жөнөкөй», жогоркусу «Каримовский» деп аталган. «Жөнөкөй» кабатынын калыңдыгы 0,26 мден 105 мге чейин өзгөрүп, тереңдеген сайын жукарып үзүлөт. «Каримовский» кабатынын калыңдыгы 0,09 мден 3,15 мге чейин, тереңдеген саын жукарып жоголот. Сапаты боюнча көмүр биринчи газдуу (Г) маркасына кирет, күлдүүлүгү 10,4–35,5% түзөт, күйүү жылуулугу 34,32 МДж/кг (8199 ккал/кг). 1987–90-ж. жүргүзүлгөн иштердин негизинде эсептелген запасы С2 категориясы боюнча 11,6 млн т, болжол ресурсу Р1 категориясы боюнча 6,2 млн т. 1994-ж. ачык жол менен казып алуу үчүн «Түштүк», «Түштүк–Батыш» участкаларга бөлүнгөн. Алардын запасы - (В+С1+С2 категориясы боюнча) 101 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]