Зындан суу
Көрүнүш
Зындан суу
| |
---|---|
Зындан суу — Өзгөн районундагы суу, Жазынын оң куймасы. Узундугу 36 км, алабынын аянты 247 км2. Фергана тоо тизмегинин түштүк капталынан башталып, капчыгай аркылуу агат. Тоодон чыкканда өрөөнү кеңейип, салааларга бөлүнөт. Алабында көптөгөн булактар жана жер көчкүлөр бар. Жылдык орточо чыгымы 2,61 м3/сек. Апрелде кире баштап, августта тартылат. Сугатка пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5