Зээни аялуу балдар мектеби

Википедия дан

Зээни аялуу балдар мектеби - (көмөкчү мектептер) – психикалык өнүгүш жагынан артта калган балдар үчүн атайын окуу-тарбия мекемеси.

Мындай мектептердин негизги тиби-жатакалуу мектептер, аларда көбүнчө эсер (жарым эс) даражасындагы кем акылдыктан жапа чеккен балдар окутулат. Алар мындай мектепке медицина-педагогикалык комиссиянын корутундусунун негизинде жиберилет. Бул мектепте 9 жыл окуп, башталгыч мектептин деңгээлинде билим алышат. Окутуу атайын окуу планы жана программалардын негизинде жекече жана фронталдык иштин атайын ыкмаларын кеңири пайдалануу аркылуу жүргүзүлөт. Мындай мектептердин негизги максаты балдарды өз мүмкүнчүлүгүнө шайкеш келген эмгектин түрлөрүнө даярдоо болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6