Ибадан шаары

Википедия дан
Ибадан.

Ибадан шаары - Нигериянын түштүк-батышындагы шаар. Ойо штатынын административдик борбору. Калкы 3,8 млн (2007; шаар айланасы менен 4,7 млн); калкынын саны боюнча өлкөдөгү Лагос менен Канодон кийинки 3-шаар. Жол тоому. Лагос Кано т. ж. магистралындагы бекет. Аэропорту бар. 1829-ж. негизделген. Шаар-мамлекет катары өнүккөн. Жети дөңсөөгө жайгашып, айланта 16 дарбазалуу ылай дубалдар менен курчалган. Шаардын эски бөлүгүндө 1-2 кабаттуу ылайдан салынган үйлөр сакталган. Заманбап курулуштарынын бири Коко-хаустун имараты (Тропиктик Африкадагы эң бийик курулуш). Шаар өлкөнүн ири соода жана өнөр жай борборлорунун бири. Тамак-аш, тамеки, автомобиль кураштыруу өнөр жайлары жана жыгач, пластмасса жана резинадан буюм жасоочу ишканалар иштейт. Тери өңдөлүп, кол өнөрчүлүк (килем, кездеме токуу, боёо, карапа, металл иштетүү) өнүккөн. ИИИлер, университеттер (анын ичинде Ибадан), институттар, илимий коомдор жана ассоциациялар (анын ичинде география, экономика, микробиология), коллеждер, китепкана, музейлер (анын ичинде этногр.), улуттук архив ж. б. бар. Ботаникалык бак жана зоопарк уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]