Ибадат

Википедия дан

Ибадат - (ар. кудайга кызмат кылуу, сыйынуу, табынуу) өзүнүн жашоо турмушунда бардык диний догматтарга жана ырым-жырымдарга чоң маани берип, Аллага жан-дили менен берилип табынуу, жалынуу жана сыйынуу. Мусулман теологдору ибадатка берилүүнүн үч себебин көрсөтүшкөн: Алла алдында жазадан коркуу; Бейишке чыгууга татыктуу болуу үчүн жасаган аракет; Жаратканды чексиз сүйүү жана урматтоо; Алланы урматтап, татыктуу кызмат кылуу керек экендигин түшүнүү. Ибадат кылуу төмөнкүдөй парздарды өзүнө камтыйт: 1) ыйман (Алланын бар экендигине ишенүү, дили тазалануу); 2) беш убак намаз; 3) зекет берүү; 4) 30 күндүк орозо тутуу; 5) ажыга баруу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]