Ибаррури Долорес

Википедия дан

Ибаррури Долорес - (9. 12. 1895, Бискайя провинциясы, Гальярта 12.11.1989, Мадрид) испан жана эл аралык жумушчу кыймылынын көрүнүктүү ишмери. 1917-ж. Соморростро шаарындагы социалдык уюмга кирип, макалаларын Пасионария (Жалындуу) деген жашырын ысым менен жарыялаган. Кийин Испания Компартиясынын (ИКП) мүчөсү, коммунисттик гезиттердин редактору болгон. ИКПнин Бискайя обкомунун, 1930жылдан ИКП БКнын, 1932-жылдан Саясий бюросунун, 1960-жылдан Аткомунун мүчөсү жана ИКП БКнын секретары (1932-42). Коминтерндин аткомунун мүчөлүгүнө кандидат (1935). Алты жолу түрмөгө олтурган. 1936-ж. Кортеске (Испания Респ-нын Парламентине) депутат, 1937-ж. Кортестин вице-төрайымы. И. Испанияда чыккан фашисттик козголоңго, Италия-Германия интервенциясына каршы жана испан элинин Улуттук-рев-ячыл согушунда (1931-39) өзгөчө роль ойногон. 1939-77-ж. эмиграцияда болгон. 2-дүйнөлүк согуш (1939-45) убагында диктатор Франконун фашисттик Германия тарабында согушка кирүү аракетине каршы эл аралык антифашисттик кыймылга катышкан. 1942-59-ж. (X. Диас өлгөндөн кийин) ИКПнин Генералдык секретары, 1960-жылдан анын төрагасы. 1960-ж. «Испания Коммунисттик партиясынын тарыхын» түзүү боюнча ИКП БКнын комиссиясын башкарып (1960), бир нече эмгек жазган. «Элдердин ортосунда тынчтыкты чыңдаганы үчүн» эл аралык Лениндик сыйлыгы ыйгарылган. (1964). ММУнун ардактуу доктору (1961). КПССтин 17-съездине делегат, 19-25-съезддеринде ИКПнин делегация башчысы. Коммунисттик жана жумушчу партиялардын эл аралык кеңешмелеринин катышуучусу (1957, 1960, 1969, Москва). Ленин, Октябрь Революциясы ордендери жана СССРдин медалдары менен сыйланган. Уулу Рубен Руис (18.1.1920-2.9.1942) Советтик Союздун Баатыры, Сталинградды фашисттерден коргоодо курман болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]