Ибрагимов Галимжан Гирфанович

Википедия дан

Ибрагимов Галимжан Гирфанович – (28.3.(19. 4). 1887, Уфа уезди, Стерлитамак губерниясы, Султанмурат кыш. 21. 1. 1938, Казан) татар жазуучусу, татар адабиятына негиз салгандардын бири, Социалдык Эмгектин Баатыры (1928). Оренбург медресесинде (1898-1905), Уфадагы «Галия» медресесинде (1906-09) окуган. Чыгармачылыгы 1907-жылдан башталган. Анын 1910-12-ж. жазылган чыгармаларына субъективдүү романтизм мүнөздүү («Деңизде», 1911; «Сүйүү бакыт», 1912). «Татар аялдарынын тагдыры» (1911), «Жаш жүрөктөр» (1912), «Табийгат перзенти» (1914) аттуу чыгармалары аркылуу таанылган. Ибрагимовдун чыгармалары Орто Азия элдеринин адабиятында реалисттик прозанын пайда болушуна жана өөрчүшүнө чоң таасир тийгизген. Ибрагимов «Жаңы адамдар» пьесасынын, «Кызыл гүл» (1922) повестинин, «Биздин күндөр (1920), «Талаа кызы» (1924), «Терең тамырлар» (1928) романдарынын автору. «Адабият теориясы» (1916), «Татар орфографиясынын принциптери» (1924), «Эне тилин окутуунун методикасы» (1938) аттуу илимий жана «Татар студенттеринин козголоңу тарыхынан» (1922) деген тарыхый эмгектери бар. Анын прозалык чыгармалары дүйнөнүн көп тилине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган. Туулган айылында үй-музейи ачылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]