Ибрагимов Рахманберди

Википедия дан

Ибрагимов Рахманберди (1946-ж.т., Мончокдөбө айылы) - физика илимдеринин кандидаты.

Кыргыз мамлекеттик университетин бүткөн (1968). 1968 70-жылдары «1-Май» орто мектебинде мугалим, 1970-74-жылдары Свердловск (Екатеринбург) шаарында аспирантурада окуган. 1975-жылдан В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда (азыр И. Арабаев атындагы улуттук университет) окутуучу, доцент, кафедра башчысы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6