Ибрагим паша Паргалы

Википедия дан

Калып:Short description |Аты               = Ибрагим паша Паргалы (Jon Ossoff) |Сүрөтү               = Arolsen Klebeband 01 463 1 (cropped).jpg |Сүрөт аты            = Ибрагим паша Паргалы. |Туулгандагы аты      = Белгисиз |Туулган күнү         = 1493-жылдын же 1494-жылдын тегеретеси |Туулган жери        = Парга, Венеция республикасы (азыркы Грекия) |Падышасы            = султан Сулайман Биринчи |Жубайы              = Мухсине-хатун (жоромол боюнча) |Балдары            = Мехмед |Билими              = Эндерун |Кызматы             = Улуу вазир (1523–1536), аскер кызматкери |Дини                = оболу христиан, кийин ислам |Даражасы            = паша }}


Ибрагим паша Паргалы (аны “Франк” – “европалык”, Макбул – “сүйүктүү (тандалып кабыл алынган)”, Мактул (өлүм жазасына тартылган”) деген эпитеттерди да кошуп аташкан; түркчө İbrahim Paşa Pargalı) — Осмон султандыгындагы даңазалуу мамлекеттик башчы, султан Сулайман Биринчирнин тушундагы улуу вазир, даражасы – паша. Ал 13 жыл бою улуу вазирдик кызматын аркалап, өзгөчө саясий таасирге ээ болгон. Султан өзү аны өлүм жазасына тарттырган жана мүлкүн мамлекетке тартып алышкан.

Ибрагим паша

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Теги, бала чагы, өмүрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ибрагим пашанын өз ысымы белгисиз. Ал Венеция республикасынын карамагындагы Парга жергесинде христиан дининдеги грек балыкчынын үй-бүлөсүндө болжол менен 1493-жылдын тегерегинде туулган.

Ал 1494-жылы туулган, султан Сулайман менен жашташ деген да жоромол бар.

Бала чагында аны деңиз каракчылары уурдап кетип, же туткунга түшүрүп, анан Батыш Анатолиядагы Маниса жергесиндеги Осмон султаына таандык аксарайга туш келгендиги айтылат.

Дагы бир вариантта Искендер паша аны кулдуктан сатып алып, өзүнүн жесир кызына белек кылгандыгы, ал болсо баланы дурус тарбиялагандыгы, 1514-жылы Ибрагимди конокко келен Сулайманга белекке бергендиги айтылат.

Ибрагим бир нече тилди өздөштүргөн. Эне тилинен (грек) жана осмон түрк тилинен башка ал италиялык, перс жана арап тилдерин билген.

Ал ар кыл китептерди, өзгөчө география тууралуу китептерди жаш кезинде көп окуган.

Ал кийинки өмүрүндө Осмон султандыгына ак кызмат кылып жүрүп, паша даражасына жетип, улуу вазир болуп, бирок дүйнөдөн 42 же 43 жашында эле өткөн (султандын буйругу менен өлүм жазасына тартылган).

Улуу вазир[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1518-жылы Султан Селим I тарабынан улу вазир кызматына дайындалган Пири Паша 1523-жылы кызматтан кеткенде, анын кызматын экинчи вазир Хайин Ахмед Паша алышы керек болчу.

Бирок Сулайман Биринчи мурдагы султан Селимдин ак сөөктөрүн өзүнүн ишенимдүү тарапкерлери менен алмаштыргысы келип, бардыгы үчүн күтүүсүздөн эле өзүнүн кулу, жакын досу жана сүйүктүү саясатчысы Ибрагимди 1523-жылы 27-июнда улуу вазирдик кызматка дайындайт.

Хайин Ахмед Паша Египетке (Мысырга) бейлер бейи кызматына өзү суранып кетип, бирок козголоң уюштурган жана 1524-жылы өлүм жазасына тартылган.

Жаш улуу вазир Ибрагим өзү Египетке келип, кырдаалды жайгарган.

Дипломат катары ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ибрагим паша улуу вазир кызматында Омон султандыгынын эл аралык абройунун көтөрүлүшү чүн зор салым кошкон.

Аны венециялык элчилер өзгөчө кадырлашкан.

Ал 1533-жылы Испаниянын жана Германиянын падышасы, Габсбургдар сулалесинин өкүлү Карл Бешинчи жөнөткөн элчилер менен Венгрия тууралуу байсалдуу сүйлөшүү жүргүзгөн.

Ал 1535-жылы февралда франциялык элчи Жан де ла Форет менен сүйлөшүү жүргүзүп, анын негизинде Франция Осмон султандыгы менен жагымдуу шартта соода алакаларын жүргүзүүгө мүмкүндүк алган.

Аскер башчы жана аткаминер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ибрагим паша Султан Сулаймандын бардык аскердик жортуулдарына катышкан.

Тактап айтканда, сераскир даражасында ал 1526-жылдагы Мохач салгылашуусунда, 1529-жылы австриялык Вена шаарын камалоодо жана 1534–1535-жылдардагы Перс жортуулунда Осмон султандыгынын армиясын башкарган.

Сулаймандын армиясынын тажрыйбалуу командири катары дасыккан Ибрагим паша түрк-перс Сефевийлер мамлекетине каршы жортуул учурунда өзүнө ар кыл мактоо сөздөрүн кошуп, анын ичинде “Султан Сераскир” деген эпитетти да коштуруп айттыргандыгы үчүн султан Сулаймандын каарына калган.

Бул окуя 1536-жылы 15-мартта (942-жижра жылынын рамазан айынын 21-22синде) Ибрагимдин өлүм жазасына [1] тартылышына алып келген бир катар чынжыр окуялардын башаты болгон. Ал төшөктө жатканда муунтуп өлтүрүлгөн делет.

Никеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ибрагим паша 1524-жылы үйлөнгөнү маалым. Тойго султан Сулайман Биринчи өзү да катышкан.

Бирок анын жубайы ким болгону, канча жубайга үйлөнгөнү тууралуу так маалыматтар аз.

Бир жоромолго караганда, ал Мухсине-хатунга үйлөнгөн имиш. Бул айымдын чоң атасы – атактуу Михалоглу Искендер паша болгон.

1966-жылы булак таануучу Нигар Анафарта Топкапы сарайынын архивинен Ибрагим пашага анын жубайы жазган катты таап алып, жарыялады. Катка кол койгон айым өзүн Мухсине деп атаган.

Мухсине Ибрагим пашага уул төрөгөн, ага Мехмед деп ат коюшкан (бул бала 1539-жылы чарчап калган).

Башка айың кепке караганда, Ибрагим паша султан Сулаймандын карындашы Хатиже-султанга үйлөнгөн имиш. Бирок эч бир булакта Ибрагим паша “дамат” (“күйөө бала”) деген титулга ээ болгону айтылган эмес.

Кино тасмаларда бейнесинин чагылдырылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • ”Роксолана” теле сериалы (Украина, 1996–2003). 
  • “Даңазалуу доор” (Түркия, 2011–2014).

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Uzunçarşılı İsmail Hakkı (ed. Muaz Ergü). Pargalı İbrahim Paşa, Kanuni'nin damadı değildi (түркчө). — Dunya Bizim, 2004.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://islamansiklopedisi.org.tr/ibrahim-pasa-makbul