Ибраимкулов Женишкелди Рыскулбекович

Википедия дан

Ибраимкулов Женишкелди Рыскулбекович (9. 5. 1963-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - жетектөөчү адис.

  • Фрунзедеги политехникалык институтунун курулуш факультетин (1985) жана Кыргызстан КП БКнын марксизм-ленинизм университетин бүтүргөн (1987).
  • «Кыргызколхозагропромпроект» долборлоо институтунда инженер (1985-87),
  • «Кызыл-Ой», «Каракол» совхоздорунда прораб (1987-95),
  • «Каракол» дыйкан чарбасынын төрагасынын орун басары (1995-97),
  • Чүй облустук граждандык коргоо бөлүмүнүн Суусамыр боюнча башкы (1997-2002),
  • Суусамыр айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай боюнча жетектөөчү адиси (2002-04),
  • АРИС программасы боюнча Суусамыр айылдык кеңешинин жергиликтүү инвестиция комитетинин төрагасы (2004-08), С
  • уусамыр айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары (2004-08) болуп иштеген.
  • 1999-2008-жылдары Суусамыр айылдык, Жайыл райондук кеңештеринин депутаты болуп шайланган.
  • 2008-жылдан Бишкекте «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасында инженер болуп иштейт.
  • 2009-жылдын июнь айынан Бишкек мэриясындагы капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигинин орун басары болуп иштеп жатат.
  • Шааболот уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9