Мазмунга өтүү

Ибраимов Азимжан Мамытбекович

Википедия дан

Ибраимов Азимжан Мамытбекович (16. 4 1965-ж. туулган, 1-Май кыштагы) - жеке ишкер, «Кайрат» дыйкан чарбасынын башчысы. Механизатор.

  • Эмгек жолун 1980-ж. Суусамырдагы МЖСте жумушчу болуп баштаган.
  • Кара-Балта шаарындагы 3 айлык курсту бүтүргөн.
  • 1983-84-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
  • Андан сон Кара-Балта шаарындагы № 2903 автобазасында (198586), Суусамыр совхозунда айдоочу болуп эмгектенген (1986-96).
  • 1996-ж. үлүшүн бөлдүрүп, дыйкан чарба уюштуруп, азыркыга чейин жетектеп келет.
  • Ал жетектеген чарба 250 гадан 500 гата чейин жерди иштетип, 1000 т га чейин дан эгиндерин алат (Tasa киреше 2 млн сомдон ашык).
  • Айыл чарбага керектүү бардык шаймандары бар.
  • Эспарцеттин үрөнүн өндүрүп, элге сатат.
  • Чарбасында 200дөн ашык кой, 50 жылкы, 20 уй асыралат.
  • Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган (199094).
  • Чүй облустук, Жайыл райондук администрациясынын Ардак грамоталары (2003, 2004, 2006) жана Суусамыр айылдык кеңешинин грамотасы (2003) менен сыйланган.
  • Темиржан уруусунан.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9