Ибраимов Чикилдек
Көрүнүш
Ибраимов Чикилдек (2. 2. 1932-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - чарба кызматкери.
- 1948-ж. негизги мектепти бүтүргөн.
- Эмгек жолун 1950-ж. «Тунук» колхозунда жумушчу болуп баштаган.
- Кийнчерээк Калинин районундагы «Красный Восток» колхозунда жумушчу, «Ленин» атындагы колхоздо малчы, 1966-70-жылдары Калинин районундагы «Ленин» атындагы колхоздун Суусамырдагы «Кайсар» участкасында бөлүм башчы болуп иштеп келген.
- Суусамыр айылдык жана Калинин райондук кеңештерине депутат болуп шайланган.
- 1970-жылдын аягынан колхоздор кошулганына байланыштуу «Крупская» колхозунун кой ферма башчысы болуп иштеген.
- Баалуу сыйлыктар жана грамоталар менен сыйланган.
- Басыл уруусунан
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9