Иваново шаары

Википедия дан

Иваново шаары - (1932-ж. чейин Иваново-Вознесенск) Россиядагы шаар (1871-жылдан). Иванов облусунун административдик борбору. Уводь дарыясынын боюнда, Москва шаарынан 318 км түндүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Калкы 409,0 миң (2007). Темир жол бекети. Жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль өнөр жайынын (кебез-кездеме, нооту-меланж, камвол ж. б. комбинаттар) ири борбору. Машина куруу, жыгаччылык, химия, тамак-аш өнөр жай ишканалары, кондитер комбинаты, парашют заводу иштейт. Пиво кайнатылат. Жети ЖОЖ (анын ичинде 2 университет), 3 театр, 4 музей (анын ичинде Иваново чыттары (кездеме)), А. С. Бубновдун жана башкалардын үй-музейи, Революция (1905-07) мемориал комплекси бар. Алгач 1561-жылдан эскерилет. 1871-ж. Иваново менен Вознесенский Пасад кыштагынын биригишинен пайда болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]