Игембердиев, Самыйбек Абазович

Википедия дан

Игембердиев, Самыйбек Абазович (1923-ж. т., Нарын облусу, Жумгал р-ну, Саркамыш кыштагы) – геолог, Кыргыз ССР (1972) ж-а СССР мамлекеттик сыйлыктарынын (1976) лауреаты. Кыргыз ССР геол. кызматына эмгек сиңирген кызматкер (1973). Москва геол. чалгындоо ин-тун бүткөн (1952). Атамекендик согушка катышкан (1942–45). Кыргыз ССР геол. ишканаларынын биринде улук геолог (1952), Каменский экспедициясында геол. партиянын начальниги (1955), Кыргыз ССР геол. башкармалыгынын башкы инженери (1959–75), начальниги (1975–89), Кыргызстандагы сымаптын ири кендеринин бирин, калай, алтын кендерин ачууга ж-а чалгындоого жетекчилик кылган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (9-шайл.) депутаты. Эки Эмгек Кызыл Туу (1960-1971) ордени, медалдар менен сыйланган. «Кен байлыктын ардактуу чалгындоочусу» (1983) деген ардактуу наам берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]