Игнатий Юлианович Крачковский

Википедия дан

Игнатий Юлианович Крачковский [4(16). 3. 1883, Россия империясы, Вилен губерниясы, Вильна шаары – 24. 1. 1951, СССР, Ленинград шаары] – чыгыш изилдөөчүсү, арабист, филолог, ислам таануучу окумуштуу. Ленинград университетинин профессору (1918), СССР Илимдер Академиясынын академиги (1921). 1905-ж. Петербург университетинин чыгыш тилдер факультетинин араб тили менен адабияты бөлүмүн бүтүргөн. 1908–10-жылдары Сирия менен Египетте болуп, араб тили, анын диалектиси жана адабияты, маданияты менен таанышкан. И. Ю. Крачковский советтик араб таануучулардын мектебин негиздөөчүлөрдүн бири жана Улуу Британия менен Ирландия королунун Азия коомунун, Немец чыгыш таануу коомунун, Сирия, Фламанд, Польша, Иран , Илимдер Академиясынын мүчөсү. СССР араб таануучулар ассоциациясын түзүүнүн демилгечиси жана анын алгачкы жетекчиси болгон. Орто жана жаңы кылымдагы араб тили, адабияты, маданияты, тарыхына байланыштуу 450дөн ашык илимий эмгектин автору. Ал Чыгыш мусулман өлкөлөрүнүн географиялык адабиятынын тарыхын изилдеген жана Курандын орусча котормосуна илимий түшүнүк берген. И. Ю. Крачковскийдин автобиографиялык «Араб кол жазмаларынын үстүнөн иштөө» деген эмгеги (1949; СССР Мамлекеттик сыйлыгы 1951), бир нече тилге которулган. Тандалган чыгармалары 6 том болуп жарык көргөн (1955—60). Эки Ленин ордени ж. б. медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]