Игорь Курчатов

Википедия дан

Курчатов Игорь Васильевич [30. 12. 1902 (12.1903), Уфа губерниясы, Сим Заводу посёлкасы (азыркы РФ, Челябинск облусу, Сим. ш.) — 7.1960, Москва] — советтик орус физиги, атом жана өнөр жайын түзүүчү, СССР Илимдер академиясынын академиги (1943), үч жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949, 1951, 1954). Лениндик сыйлыгынын (1957) жана СССР мамлекеттик сыйлыгынын бир нече жолку (1942, 1949, 1951, 1954) лауреаты. 1923-жылы Крым университетинин физика-математика факультетин бүтүргөн. 1924—25-жылдары Азербайжан политехникалык институтунда (Баку) ассистент. 1925-жылдан Ленинград физика-техникалык институтунда иштеген.1943-жылы атайын институт (СССР Илимдер академиясынын Атом энергиясы институту) уюштуруп (1960ж. Курчатовдун ысмы берилген), анын жетекчиси болгон. 1946—60-жылдары СССР Илимдер академиясынын Президиумунун мүчөсү. 1933-жылдан атом ядросунун физикасы боюнча иштеп, 1934-жылы нейтрон менен бомбалоонун натыйжасында ядролук реакциянын тармактануу кубулушун ачкан жана бир нече элементтердин жасалма радиоактивдүүлүгүн изилдеген. 1935-жылы өзүнүн кызматкерлери менен бирдикте жасалма радиоактивдүү изотоптордун ядролук изомерия кубулушун ачкан. Курчатовдун изилдөөлөрү урандын өзүнөн өзү бөлүнүшүн далилдеген (1940). Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Курчатов коргонууда мааниси зор жумуштарды аткарган. Курчатовдун жетекчилиги менен Москвада биринчи циклотрон (1944), Европада биринчи атом реактору (1946) курулду; биринчи советтик атом бомбасы (1949), дүйнөдө биринчи термоядролук бомба (1953) жасалды, дүйнөдө биринчи өнөр жай атом электр станциясы (1954) жана термоядролук реакцияларды жөнгө салуу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө арналган эң ири орнотмо (установка) курулду (1958). СССР Жогорку Советинин (3—5-шайланышынын) депутаты. Алты Ленин ж. б. ордендер менен сыйланган. Сөөгү Кремль дубалына коюлган. СССР Илимдер академиясынын ядро физикасы жана атом энергетикасы жаатындагы зор жетишкендиктер үчүн ыйгарылуучу Курчатов атындагы алтын медаль белгилеген (196о). Эмгектери: Избранные труды: В 3 т. М., 1982—1984; Собрание научных трудов: В 6 т. М., 2005—2007. Т. 1—2.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]