Идеологияштыруу

Википедия дан

Идеологияштыруу - саясий жана башка коомдук институттарды, карама-каршы таптык кызыкчьшыктарды чагылдырган жана алардын легитимдешине жана корголушуна багытталган тигил же бул идеологиянын толук чагылышы катары түшүнүү.

Бул жагдайда саясий институттар менен саясий иш-аракеттердин милдеттери массаны бул кызыкчылыктарды жүзөгө ашырууга идеологиялык мобилизациялоого туура келет. Саясий институттар менен саясий иш-аракеттерди толук идеологиялык көз караштан түшүндүрүү мамлекеттүүлүктүн, укуктук тартиптин формалары ж.б. дагы айкын социалдык-саясий шарттарга ылайык социалдык жана саясий турмуш ишмердигин уюштуруунун жалпы адамзаттык талаптары менен нормаларын чагылдырышы керектигин көңүлгө албайт. Бул формалардын (идеологиялык жана сөзсүз анын аркасынан ээрчиген саясий, социалдык-экономикалык), бул жалпы адамзаттык басмырланышы мамлекеттүүлүктүн кулашы, солгун тартуу, регрессивдүү өнүгүүгө өтүү ж.б. келип чыккан. Эл аралык мамилелерди Идеологияштыруу таптык күрөштүн милдеттерине тоталдык баш ийүүнү, карама-каршы идеологиялык лагерлерге тийиштүү мамлекеттердин саясатына фокусталган таптык пролетардык жана буржуазиялык кызыкчылыктардын көрүнүшү катары мамлекеттер аралык мамилелерди трактовкалоону билдирет. Эң чоң Идеологияштырууда эл аралык мамилелер 1940-ж. экинчи жарымында башталып, 1985-ж. чейин уланган «кансыз согуш» убагында жетишилген. Анын жүрүнгүндө саясий үгүттөө институттары жана массалык маалымат каражаттары саясий күрөшкө карата социалдык, саясий идеологияны салтанаттуу жарыялашты. Бул торт он жылдыктын советтик эл аралык саясатында тынчтыкты орнотууга аракеттенүү, капиталисттик жана социалисттик өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкка чакыруу жана капиталисттик түзүлүштүн тез арада кыйроосун башкалардан мурда билүүнүн ортосунда реалдуу карама-каршылыктар турган.

Идеологиялаштырылган рухта тынч бирге жашай берүү дүйнөлүк алкактагы таптык күрөштүн бөтөнчө формасы катары аныкталган, бул тынч кызматташууга чакыруунун астейдилдигине күмөн салат. Түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолу конфронтациядан баш тартуудан жана эл аралык мамилелерди жана башка саясий институттарды гумандаштырууну издөөдөн табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8