Идиолект

Википедия дан

Идиолект (грек. idios - өздүк, өзгөчө + (диа)лект) - белгилүү бир тилде сүйлөгөн адамдын кебине мүнөздүү болгон формалдык жана стилистикалык өзгөчөлүктөрдүн жыйындысы.

Идиолект "диалект" термининин модели боюнча түзүлүп, тилдеги аймактык жана социалдык өзгөчөлүктөрдү эмес, жеке индивидуалдуу өзгөчөлүктөрдү көрсөтөт. Идиолекттар мааниде, жеке адамдын кебинин спецификалык бөтөнчөлүктөрү; бул аспектиде Идиолект поэтикада (кептин же стилдин жеке жана жалпы мүнөздөмөсүн аныктоо үчүн) жана нейролингвистикада (афазиянын түрлөрүн жана мүнөзүн аныктоо үчүн) иликтенет. Ал эми кеңири маанисинде Идиолект – жеке адамдын белгилүү бир тилди колдонуусунда ошол тилде жаралган тексттердин жыйындысындагы өзгөчөлүк, тигил же бул тилдин (адабий тил, аймактык же социалдык диалект) көрүнүшү катары анын структуралык, нормалык жана узустук жалпы жана спецификалык белгилерине ээ болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4