Идиотия

Википедия дан

Идиотияолигофрениянын (кем акылдыктын) оор түрү.

Оорулуу сөзгө түшүнбөйт, сүйлөй албайт, айрым тыбыштарды айтат, кыймыл-аракети максатсыз, баш аламан, айлана-чөйрөгө таптакыр көңүл бурбайт. Кээде эч себепсиз күлөт же ыйлайт. Сырткы кебетеси маңыроо болот, дене-бою кадимкидей эле өсөт. Ордуна көпкө тура албайт, көп баспайт, теңселип араң басат. Тамакты тандабай ичет. Идиотиянын айрымдары чыр келишет, кыйкырып ачуулана берет, өзүн тытмалайт, бирөөгө кол салуусу да мүмкүн, түшүнүксүз сүйлөшөт. Кээ бир кем акылдар тескерисинче таптакыр унчукпайт, көбүнчө уктап, шалаакы болушат. Өздөрү кийине, кээси өзү тамак иче албайт. Аларды бир нерсеге көндүрүүгө же үйрөтүүгө мүмкүн эмес. Идиотинын жеңил түрү менен ооругандар басып жүрүшөт, өз боюна карашат, айрым сөздөрдү айтат, кээ бир буюмдарды тааныйт, айткан сөзгө түшүнөт. Алар башка бирөөнүн жардамына дайыма муктаж, оорулууну кароосуз калтырууга болбойт.

Дагы караңыздар[түзөтүү | булагын түзөтүү]


  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8