Иезуиттер
Иезуиттер - католик монахтарынын (кечилдеринин) орденинин мүчөлөрү.
Алар өздөрүн «Иисус коому» (лат. «Societas Iesu») деп аташкан. Орденди 1534-ж. Парижде испан дворяны Игнатий Лойола негиздеп, 1540-ж. папа Павел III бекиткен. Ал орден Реформацияга каршы күрөшүү, католицизмди коргоо жана жайылтуу, папанын бийлигин чыңдоо максатын коздоп, илимге, жаштарды тарбиялоо жана окутуу ишине активдүү кийлигишкен; миссионер дик (дин жайылтуу) иштерди да көп жүргүзгөн. Жер-жердегилерди борборго, кичүүнү улууга, калкты бийликке, ал эми бийлөөчүлөрдү Рим папасына баш ийдирүү ордендин негизги иши болгон.
Иезуиттердин моралы «кудай жолу» үчүн кылмышка барса болот деген ураанга негизделген. 16-кылымда Иезуиттер орденинин таасири Европадагы мамлекеттерден башка Индия, Япония, Кытайга тараган. 17-кылымда Парагвайда Иезуиттер мамлекети түзүлгөн. Мамлекеттин саясатына киилигишкени үчүн айрым өлкөлөр (Испания, Франция) Иезуиттерди кууп чыгууга чечим кылган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.