Иерархдык берилиштер базасы

Википедия дан

Иерархдык берилиштер базасы (орус. Иерархическая база данных, англ. hierarchy data base) —

Иерархдык берилиштер базасы бир ысымдуу генеалогдук дарак же жадыбал түрүндө уюштурулат. Генеалогдук дарак сыяктуу иерархдык берилиштер базасы бутактарга ажырайт, алар энелик жана балалык жазылыштар болуп бөлүнүшөт. Ар бир энелик жазылышка бир же бир нече балалык жазылыш туура келет. Ар бир балалык жазылыш бир гана энелик жазылышка ээ. Берилиштер базасынын башындагы энелик жазылыш түпкү жазылыш деп айтылат. Өзүнчө процессте түзүлгөн берилиштер базасында эне-балалык байланыштар орнотулат.

Берилиштер базасы түзүлгөндөн кийин ага жетүү, орнотулган байланыштар аркылуу аткарылат. Берилиштерге жетүү удаалаш аткарылат, издөө түпкү жазылыштан башталат жана изделген берилиш табылганча улам бутакталып бөлүнүп жүрүп отурат. Иерархдык берилиштер базасынын эки кемчилиги бар, алардын биринчиси өзүнчө бутакта жаткан берилишке түздөн түз кайрылууга болбогондугу, ал эми экинчиси берилиштер базасына жаңы талаалар же өзгөртүү киргизилгенде бүтүндөй базанын кайра аныкталгандыгы. Базанын өлчөмүнө жараша мындай кайра аныктоо процесси бир кыйла убакыт талап кылышы мүмкүн. Иерархдык берилиштер базасынын артыкчылыгы - берилиштер байланышы алдын ала аныкталгандыктан, берилиштерге жетүү жеңил аткарылат. Иерархдык файлдар системи берилиштер базасы түрүндө эмес, көпчүлүк жеке компьютердеги файлдык систем катары колдонулат. Иерархдык файлдар системи ар кандай деңгээлдеги файлдардан турат жана түпкү каталог деп аталган башкы файлдан башталат. Төмөнкү деңгээлдеги файл камтылган каталог же папка деп аталат. Өз кезегинде камтылган каталогдордун ар бири башка камтылган каталогдорду, бир же бир нече сандагы берилиштер же програмдык файлдарды камтышы мүмкүн. Түпкү каталогдон баштап, айрым файлга чейинки тармак жол деп аталат.

Түшүндүрмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3