Иерархия базасы
Көрүнүш
Иерархия базасы — бир ысымдуу генеалдык дарак же таблица түрүндө уюштурулган жогорку деңгээлдеги берилиш базасы. Берилиштер иерархиясы бит, байт, талаа, жазылыш жана берилиштер базасы түрүндө уюштурулат. Генеалдык дарак сыяктуу иерархия базасы бутактарга ажырайт, ал энелик жана балалык жазылыштар болуп бөлүнөт. Иерархия базасынын башындагы энелик жазылыш түпкү жазылыш деп айтылат. Өзүнчө процессте түзүлгөн берилиштер базасында энелик-балалык байланыштар орнотулат. Иерархия базасынын артыкчылыгы берилиштер байланышы алдын ала аныкталгандыктан, берилишке жетүү жеңил аткарылат.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5