Ижара

Википедия дан

Ижара ― мүлктү белгилүү акы алуу менен башка бирөөгө пайдаланууга берүү. Ижара келишиминин негизинде ижара берүүчү мүлктү ижара алуучуга убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга бере алат. Мүлк пайдаланууга мөөнөтсүз же мөөнөттүү берилет. Чет өлкөлүк юридикалык жактарга, жарандарга жана жарандыгы жокторго мүлк мөөнөттүү пайдаланууга берилет. Мамлекеттин менчигиндеги жер участкалары мамлекеттик жана коммуналдык пайдалануучуларга гана мөөнөтсүз берилет. Мыйзам мүлктүн үчүнчү адамга ижара берүүчүнүн макулдугу менен гана берилишине жол коёт. Мүлктү ижарага берүү жарандык мыйзамдын негиздери, ар кандай мүлктү убактылуу пайдаланууга алуу эрежелери менен жөнгө салынат. Ижара техникалык каражаттарды же башка мүлктөрдү убактылуу пайдаланууга муктаж ишканалардын, бирикмелердин, уюмдардын нормалдуу иштешин камсыз кылат, элдин турмуш-тиричилик ж. б. керектөөлөрүн канааттандырууга шарт түзөт. Кыргызстанда ижара эл чарбасынын бардык тармактарында, ошондой эле менчиктин бардык түрлөрүндө колдонулат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5