Изафет

Википедия дан

Изафет - бири аныктоочтук, экинчиси аныкталгычтык катышта турган эки зат атоочтун айкашынан уюшулган атоочтук сөз айкашы.

Мындай аныктоочтук катыштагы сөз айкаштары түркологияда, анын ичинде Кыргыз тилинде да "изафет" деп аталат. Бул термин түркологияга араб грамматикасынан кабыл алынган – "отношение" и "дополнение" ("катыш" жана "толуктоо") деген маанини берет. Изафеттик сөз айкашынын биринчи компоненти дайыма илик жөндөмөдөгү же атооч жөндөмөдөгү зат атоочтордон болот: баланын көйнөгү, мектеп багы, темир дарбаза ж.б., экинчи компоненти таандык мүчөлүү же ансыз деле уюшулат. Ушуга ылайык изафеттин 3 түрү бар:

  • Изафет I - биринчи, экинчи компоненти тең атооч жөндөмөдөгү зат атоочтон болот, өз ара ыкташып байланышат: күмүш кашык, түлкү тебетей, жыгач көпүрө ж.б.
  • Изафет II - биринчи компоненти илик жөндөмөсүнүн мүчөсү түшүрүлүп айтылган зат атоочтон, экинчи компоненти III жакка таандык формадагы зат атоочтон болот: музыка үнү, шаар калкы, кыргыз адабияты ж.б.
  • Изафет III -биринчи компоненти илик жөндөмөдөгү зат атоочтон, экинчи компоненти III жакка таандык формадагы зат атоочтон болот: койдун жүнү, мектептин имараты, булактын суусу ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4