Изодром

Википедия дан

Изодром (изо... жана гр. dromos - жүгүрүү) - жөндөгүчтөрдө ийкемдүү тескери байланыш алууга, б. а. өтмө процессти бир калыпка келтирүүгө арналган түзүлүш.

Изодром демпферден, пружиналардан жана рычагдардын системасынан же тескери байланышка кошулган дифференциал тизмектен турган механизм. Эң алгач «изодром» деген ат борбордон четтөөчү жөндөгүчтөрдө колдонулган. Машина ар кандай өлчөмдө күч келип иштегенде Изодром анын айлануу ылдамдыгын бир калыпта карман турат

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.