Изопропил спирти

Википедия дан

Изопропил спирти (2-пропанол, изопропанол), (СН3)2СНОН – мол. масс. 60,09; мүнөздүү жыты бар түссүз суюктук; балкып эрүү t -89,5оС; кайноо t 82,4оС; d420 0,7855; nD20 1,3776; суу жана орг. эриткичтер менен бардык катышта аралашат. Суу менен азеотроптук аралашманы пайда кылат (кайноо t 80,2оС, 87,7 % И. с.) И. с. экинчилик бир атомдуу спирттер бардык касиеттерин ээ;жөнөкөй жана татаал эфирлерди пайда кылат, ОН-тобу галоген менен орун алмашат. Дегидирлөөдөн ацетонго айланат. Күкүкрт к-нын катышуусунда И. с. араматтык углеводород менен реакцияга кирип, алардын туундуларын пайда кылат, мис., изопропилбензол, изопропилтолуол. Ө. ж.-да И. с. пропиленди гидраттоо менен алынат. Пропиленди түз гидраттоону негизинен катуу катализаторлор катышуусунда (240-2600С, 2,5-6,5 МПа) жүргүзүшөт. О. эле И. с. парафиндерди аба менен окистендирүүдөн да алууга болот. И. с. ацетонду, эфирлерди жана башка орг. бирикмелерди алууда, парфюмерияда, фармацияда, косметика ө. ж-да эриткич катары, майлар, жаратылыш чайырларын, латекстердин экстрагенти жана антифриз катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]