Изотерма

Википедия дан

Изотерма - (изо... жана гр. therme жылуулук) термодинамикалык абал диаграммасында изотерма процессин аныктоочу ийри сызык. Идеалдык газдын изотерма теңдемеси pV=const, мында р басым, V газдын көлөмү. р, V координата тегиздигинде изотерманын графиги гипербола. Реалдуу газдын абалы Ван-дер-Ваальс теңдемеси менен аныкталат. Реалдуу газдын изотерма теңдемеси татаалыраак мүнөзгө ээ. Бирок, ал төмөнкү басымда же жогорку температурада идеалдуу газдын изотерма теңдемесине өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]