Изоцианаттар

Википедия дан

Изоцианаттар, жалпы формуласы RN=C=O болгон бирикмелер.

Көпчүлүк И. суюктуктар же балкып эриген катуу заттар. И. өтө уулуу заттар. Хим. жактан И. начар негиздер. Көбүнчө аларга нуклеофилдик кошулуу мүнөздүү. Ароматтык И. алифаттык И. караганда реакцияга жөндөмдүү. Электрон-акцептордук орун алмашуучулар анын реакцияга жөндөмдүүлүгүн көбөйтөт, ал эми электрон-донор орун алмашуучулар аны азайтат. Спирттер менен И. уретандарды пайда кылат:

RN=C=O + R¢OH ® RNHCOOR¢

Фенолдор жана тиолдор спирттей эле реакцияга кирет. И. аминдер менен жеңил аракеттенишип, орун алмашкан мочевинаны пайда кылат:

RN=C=O + R¢NH2 ® RNHCONHR¢

Аммиак, гидроксиламин, гидразин, амиддер, уретандар, цианамид, мочевина, гуанидин, нитрамин, сульфонамид да ушундай эле реакцияга киришет. И. суу менен аракеттенишүүсүнөн тиешелүү карбамин к-тасы алынып, ал СО2 жана аминге ажырайт:

RN=C=O + H2O ® RNHCOOH ® RNH2 + CO2 ;

Ө. ж-да И. аминдер ашыкча фосген менен реакцияга киришинен алынат:

RNH2 + COCl2 ® RN=C=O + 2HCl;

И. полиуретаны алууда, пестицид, карбамин к-тасы туундуларын жана башка синтездөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]