Изумруд

Википедия дан

Изумруд, зумурут - минерал; бериллдин бир түрү. Мөлтүр тунук келип, өңү ачык жашыл. Кристалл түрүндө. Плагиоклазиттердин сырткы контакттарында, тальктуу сланецтерде, пегматиттерде, кальцит жана кварц тарамдарында кезигет. Изумруд кымбат баалуу, 1-класстагы асыл таш. Тунук, кемтиксиз, күнүрт жашыл. Изумруд алмаздан кымбат бааланат. Изумруд жасалма жол менен да алынат, бирок алар көбүнчө жаракалуу келип, өлчөмү 0,5x3 смден ашпайт. Зергерлер кээде жашыл корундду чыгыш изумруду деп аташат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]