Из туурамай
Шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Оюнчулардын саны 4—8 киши. Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө, Оюнга даярдануу. Оюнга жетекчи шайланат, калган оюнчулар бир катар болуп турушкандан кийин оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жетекчисинин талабы боюнча, катышуучулар белгиленген аралыктан кайсыдыр айбандын бирөөнүн басканын туурап өтүшөт. Оюн өзүлөрү каалаган убакытка чейин уланат да, оюндун шартын жакшы аткарганы жеңүүчү болот.
Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Тапшырмадан чыгууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, белгиленген аралыкты толук өтпөй коюга болбойт.
Оюндун мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Ар кандай ыкма менен басуунун жолдорун үйрөтөт, айбандар жөнүндө кеңири түшүнүк берилет.