Ийабаку (уруу)

Википедия дан

Ийабаку (уруу) - орто кылымдарда Борбордук Азияда жашаган түрк уруусу. Гардизинин фарсча «Зайн ал-ахбар» («Кабарларды көркөм сүрөттөө») деген эмгегинде ийабакулар жана халлухтардын байланышы жөнүндө санжырада түрк аскер башчысынын нөкөрү кылмыш кылып, жазадан коркуп, тогуз огуздар өлкөсүнө качып келгени айтылат. Бул жерден, ага «Ябагу» деген ат ыйгарылып, тогуз огуздар ээлигинде жашаган халлухтарга аскер башчы болуп шайланган. Ушундан соң, бул уруулук бирикме «ябаку-халлух» аталып калат. Махмуд Кашгари боюнча ийабакулардын өз алдынча тили болуп, түрк тилин да дурус билишкен. Алар печенек, кыпчак, басмыл, кай, татар, кыргыздар менен бирдикте Византиядан Кытайга (Чын) чейинки аймактарда жайгашкан. 0. эле Кашкар тоолорунан башталып, Фергананын ортосунан Өзгөндү карай аккан дарыя Ийабаку-Сувы деп аталган жана кыргыз ийабаку жана кыпчак уруулары темирди өзгөчө аздектеп, аны ортого коюп, шерт (ант) беришери айтылган. Ийабакулар Караханиддерге каршы согуштарга да катышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]