Ийилчээк диск
Флоппи диск же ийилчээк диск (англисче floppy disk, flexible disk), ошондой эле дискета деп аталат — бул маалыматтарды жана программаларды сактоо үчүн колдонулган магниттик дискалуу кассета-конверт.
Дискета негизинен жука тегерек пластиктен жасалып, эки жагы магниттик катмар менен капталат. Ал атайын пластик корпус (кабыкча) ичинде жайгашып, компьютердин диск салгычына киргизилет. Компьютер салгычтын ичиндеги магниттик баш (бөрк) аркылуу дискетага маалыматты жазып жана андан окуйт. Дискетанын бети маалымат сакталуучу бөлүктөргө бөлүнүп (форматталып), анын сактоо мүмкүнчүлүгү катуу дискке салыштырмалуу аз жана иштөө ылдамдыгы жайыраак болот. Бирок ал жеңил жана алып жүрүүгө ыңгайлуу.
Флоппи дисктер 1970-жылы IBM компаниясы тарабынан сактагыч түзүлүш катары сунушталган. Алгачкы моделдеринин көлөмү 8 дюйм болуп, жука жана ийилчээк болгондуктан “floppy” (ийилчээк) деп аталган. Кийинчерээк 5¼ дюймдук дисктер пайда болгон. Азыркыга чейин эң кеңири тараган түрү — 3,5 дюймдук дискета. Бул версиясында ички магниттик диск катуу пластик кутунун ичинде жайгашып, сырткы кабыгы мурдагыдай ийилчээк болбой калса да, “ийилчээк диск” деген аталыш сакталып калган.
3,5 дюймдук дискета ичинде дисктин бетин таза кармоо үчүн кагаз катмар бар. Анын үстү жагындагы металл жапкыч диск салгычка киргизилгенде жылып ачылып, дисктин эки бетине маалымат жазууга жана окууга мүмкүнчүлүк берет.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак. Бишкеке 2004.(жеткиликсиз шилтеме) ISBN 9967-14-014-3
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |