Ийкемдүүлүк теориясы

Википедия дан

Ийкемдүүлүк теориясы - деформацияланган катуу нерсенин механикасынын бир бөлүгү.

Катуу нерселердеги деформация кичине болгон учурда алар серпилгич болору барыбызга белгилүү. Таасир эткен күч кандайдыр бир чектен өткөндө нерселерде серпилгич эмес деформация пайда болот. Көпчүлүк учурда бул деформация ийкемдүүлүк деформациясы деп аталат.

Ийкемдүүлүк теориясы ийкемдүүлүк деформациясы менен чыңалуулардын байланыш закондорун изилдейт. Ийкемдүү нерселерге ар кандай күчтөрдүн таасири астында сынак жүргүзүлүп, алардын деформациялануу закондору аныкталат. Бул закондордун негизинде Ийкемдүүлүк теориясынын негизги теңдемелери жазылат. Нерсенин ар кандай жүктөө процессин эске алуу менен алынган теңдемелерди чыгаруу Ийкемдүүлүк теориясынын дагы бир маанилүү милдеттеринин бири болуп эсептелет.

Ийкемдүүлүк теориясынын серпилгичтик теориядан айырмаланган учурларын карап көрөлү. Серпилгичтик теориясы негизинен Гуктун корутунду законуна гана таянат. Каралган маселелердин бардыгы ушул закондун негизинде чыгарылат. Ийкемдүүлүк теориясында болсо мындай айкын чектөө жок. Себеби нерселердин ийкемдүүлүк касиеттери көп кырдуу; бул касиеттер каралып жаткан материалга, сырткы жүктөө шарттарына, мис., температурага, жүктөө ылдамдыгына ж. б. у. с. көзкаранды болот.

Ийкемдүүлүк теориясында Гуктун корутунду законундай болгон бирден бир деформациялануу закону жок. Ийкемдүүлүк теориясынын алгачкы варианттарын 19-кылымдын 70-ж-дарында Сен-Венан жана Леви сунуш кылышкан. Алар Ийкемдүүлүк теориясынан жалпак деформация учурунун негизги теңдемелерин изилдешкен. Өткөн кылымдын 20-жылдарында Ийкемдүүлүк теориясы абдан өнүгө баштаган. Буга үзүрлүү салым кошкон окумуштуулар Хаар, Карман, Генки, Прадтль, Мизес болушкан. Булардын илимий иштеринде Ийкемдүүлүк теориясынын ар кандай варианттары берилген.

Өткөн к-дын 40-ж-дарынан баштап Ийкемдүүлүк теориясы мурунку СССРде дагы өнүгө баштайт. Ушул учурда орус окумуштуусу А.А.Ильюшин жөнөкөй жана татаал жүктөө деген түшүнүктөрдү киргизген. Эгерде жүктөө процессинде чыңалуу тензорлорунун компоненттери кандайдыр бир параметрге пропорциялаш өсүшсө, мындай жүктөөнү жөнөкөй жүктөө деп аташат. Эгерде бул шарт канааттандырылбаса, жүктөө процесси татаал болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]