Ийкемдүү автоматташтырылган өндүрүш

Википедия дан

Ийкемдүү автоматташтырылган өндүрүш — өзүн-өзү түзөп, жөндөөчү татаал технологиялык комплекс. Бул комплекс өндүрүштүк, маалымат жана байланыш системаларын камтыйт. Ийкемдүүлүк өндүрүштүн жаңы үлгүдөгү, сапаттуу, продукция чыгарууга болгон жөндөмдүүлүгү. Мындай жөндөмдүүлүктүн негизинде ийкемдүү автоматташтырылган өндүрүш системасынын архитектурасы робот техникалык комплекстеринин базасынын негизинде түзүлөт; жергиликтүү (локалдык) эсептөөчү тармактар, өзгөчө алгоритмдик, программалык жабдуу ишке ашырылат. Ийкемдүү автоматташтырылган өндүрүш системасынын негизги бөлүгүн робот техникалык комплекс (РТК) түзөт. РТКинформациялык жана автоматикалык башкаруу системаларынан, технологиялык жабдуулардан, манипуляциялык жана унаа каражаттарынан турат. РТКда автоматикалык башкаруу системасы, технологиялык системанын иштөөсүн программалоо жана башкаруу үчүн кызмат кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]