Ийнелик

Википедия дан
Hemicordulia tau.

Ийнеликтер (лат. Odonata) – курт-кумурскалардын түркүмү. Ийнеликтердин денеси баш-көкүрөк, курсак бөлүктөн турат. Азыркы ийнеликтердин дене узундугу 1,4 120 мм. Башынын көп бөлүгүн фасеттүү чоң көздөрү ээлейт. Муруттары кыска. Тунук, торчолуу, кош жаргак канаттарынын узундугу 10-95 мм, 3 жуп буту көкүрөгүндө жайгашкан. Башка курт-кумурскалардан айырмаланып, жонунан курсагын карай кеткен канат булчуңу жана эркегинин экинчилик кошулуу (копуляциялык) аппараты болот. Жумурткасын суунун түбүндөгү топуракка жана өсүмдүккө таштайт, личинкалары сууда өөрчүйт, сырткы бакалоору же арткы ичегисиндеги өсүндүсү менен дем алат. Жетилген ийнеликтер жакшы учат, жырткычтар, азыгын учуп баратып кармап жейт. Ийнеликтер курт-кумурска жана алардын личинкалары менен азыктанып, пайда келтирет, ошондой эле балыктарга жем. Жер бетинде ийнеликтердин 3 түркүмчөсү, 4500дөй түрү көбүнчө нымдуу тропикте жана субтропикте таралган. Кыргызстанда 60тан ашуун түрү белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]