Ийрек

Википедия дан

Ийрек -

  • Теринин бетиндеги челин, этин, майын ала турган аспап. Аны чеберлер өзүлөрүн эки башын жумуру жыгачтан саптап (50—60 см), ортосуна быдырлуу тишин чыгарып, оюндагысындай кылып, жасап алышат.
  • Териге көркөм оюм-чийим түшүрүүчу аспап. Ал жыгачтан жумуру сапталган шибеге сымал болот. Чеберлер — ийректин ичке жана жоон түрүн колдонушат. Аларды ар бир чебер өзүлөрүнүн көөнүнө жаккандай жасап алышат. Кандай болгондо ойдогудай оюм-чийим түшөөрүн акыл таразасынан алар кылдат өткөрүп, аны абалы ичке ийрек аркылуу чийип көрүшөт. Жоон ийректи болжолунан тайдырбай ысытып туруп, ошол оюм-чийимдин үстүнөн катуу бастырат. Ошондо көркөм оюм-кашкая түшөт. Аны чеберлер териге тырмак изи түшкөндөй кургаган чакта жүзөгө ашырышат.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]