Ийрүү

Википедия дан

Ийрүү - узундугу ар кыл булалардан чубалган узун жип алуунун техникалык процесси. Жип кебезден, зыгыр жана кыска жибек буласынан, жүндөн, химиялык булалардан ийрилип даярдалат. Ийрүү - текстилдик өнөр жайынын да негизги процесстеринин бири. Ийрүү жолу менен алынган түрдүү кездеме, трикотаж, буюмдар, машина жип, кенеп жип, аркан жана башкалар жасалат. Кыргыздын салттуу турмушунда ийрүү кеңири орун алган. Үй тиричилигине керектүү болгон буюмдар үчүн жиптер негизинен ийик менен ийрилип жасалган. Ийрүү эмгеги жалаң кыз-келиндердин, аялдардын жумушу болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]