Иконография

Википедия дан

Иконография (грек. eicon – сүрөттөө, grapho – жазам) – белгилүү бир адамды, окуяны, сюжетти жана башка сүрөттөө жана ушундай сүрөттөөлөрдү элестүү тартуу жана аларды системалуу түрдө окуп үйрөнүү. И-нын маанилүү материалы болуп живопись, скульптура, графика чыгармалары эсептелет (көп учурда алар көркөм жетишкендиктери боюнча тең баалуулукта болбойт); көп кылымдар бою, фотография пайда болгонго чейин башка көркөм сүрөт материалдары болгон эмес. Өткөн замандын көркөм өнөрүнө байланыштуу берилген бир адам же окуянын И-сы деп талапка ылайык сүрөттөөлөрдүн кабыл алынган (же жазылган) атайын үлгү эрежелер системасын аташкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]