Иле

Википедия дан

Иле - тарыхый аймак. Иле өрөөнүнө байланышкан тарыхый маалыматтар өтө сейрек. Алгачкы маалыматтар Тан династиясынын (7-10-к.) тарыхында эскерилет. 638-ж. Юйгу Ше (Дулу) хан менен Хилиши Иле өзөнүнүн боюнда тынчтык келишимин түзүшүп, батышын Дулу хан, чыгышын Хилиши алып, Батыш түрк уруулары эки хандыкка бөлүнгөн. Натыйжада кыргыздар (гйегу, хягас) Дулу хандын ээлигинде калган. «Худуд ал-алам» боюнча Ила дарыясы Иргаджанарттан башталып Ысык-Көлгө куят деп айтылган. Иле бою байыртадан бери эле Римден (Византия) Чыгыш Туркстан, Кытайга өткөн соода жолунун өтө маанилүү бутагы болуп саналган. 7-13-кылымда Иле мусулман дүйнөсүнүн чеги катары каралган, ал эми анын чыгышындагы аймактар моңголдордун басып алуусунан кийин ислам динине киргизилген. Тимурдун жортуулу тушунда Текес, Теке, Йака деген ат менен эскерилген. М. Кашкари боюнча Иле дарыясы түрк жеринин Жейхуну (Аму-Дарыя) катары эсептелинип, анын жээгинде тухсы, ягма, чигилдер жашаган. Өрөөн көбүнчө жайыт катары пайдаланылган. Иледе жайгашкан шаарлар жөнүндө бир аз маалыматтар бар. Иле өрөөнүнөн 9-13-к-га таандык 66 шаар калдыктары изилденген. Рубрук Иленин түндүгүндө Эквиус деген шаар болгонун жана анда фарсы тилинде сүйлөгөн сарациндер жашаганын эскерген. Армян падышасы Хетум аны Иланбалек, дарыяны Илан-су, ал эми кытайлыктар бул шаарды Или-бали же Илибани, башкача айтканда Илибалык «Илидеги шаар» деп аташкан. Иленин Балхашка куйган жеринде (Баканас өзөнү) эски арык, курулуштардын урандылары калган. Бирок, анын кайсыл мезгилге тийиштүү экени аныктала элек. Адегенде Чагатай улусунун, кийин бир аз убакыт Моголстан мамлекетинин борбору болгон Алмалык шаары дагы Иле аймагында жайгашкан. 15-16-кылымда Иледе кыргыз тарыхына байланышкан маанилүү окуялар болуп өткөн (кыргыздардын моголдорго, Тимурга каршы күрөшү, Манап бийдин өлүмү). 1718-кылымда Иле өрөөнү толук Жуңгар хандыгынын кол алдында калган. 18-кылымдын экинчи жарымында Эсенкул баатырдын сунушу менен кыргыздар Чүй, Иле жээгине жайгаша баштаган. Ушул мезгилге тийиштүү орус маалыматтарында кыргыз-казактардын чеги «Иле өзөнүнүн Балкашка куйган жерине 100 чакырым жетпей» жана «Иле суусу кыргыздарды Кытай мамлекетинен да, казактардан дагы бөлүп турганы» ырасталат. Дарыянын сол жээги Үч Алматы, Сары-Токум кыштоосу, Челек, Каркыра, Кеген, Текес сарыбагыш жана бугу урууларынын туруктуу жайлоосу болгон. 1847-ж. Капал чебинин тургузулушу менен орустардын басып алуучулук саясаты күчөп, казактын Улуу жүзүнө кирген уруулар Иленин оң жээгине, ал эми ал жердеги кыргыздар акырындык менен Чүй өрөөнүнө жыла баштаган. 1854-ж. Иленин оң жээгине Алматы шаары курулуп, 1881-ж. Россия менен Кытайдын ортосунда чек ара маселелери чечилип, келишим түзүлгөн. Натыйжада, Кытайдын карамагында калуудан баш тарткан казактын албан урууларынын 5 миң түтүнү бугу уруусу конуштап жүргөн Кеген жана Текес сууларынын жогорку агымына көчүрүлгөн. Ал эми бугу уруусу Ысык-Көлдүн түштүк тарабына көчүрүлүп, кыргыз менен казактын ортосундагы чек ара Санташ ашуусу аркылуу ажыратылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]