Илимий даража

Википедия дан

Илимий даража - белгилүү илим тармагын изилдеген адистерге берилүүчү даража.

Илимий даража берүү адегенде орто кылым университеттеринде колдонулган. Азыр чет өлкөлөрдө окуу, илимий изилдөө мекемелеринде бакалавр, магистр, илимдин доктору деген илимий даражалар бар.

Кыргызстанда илимдин кандидаты, илимдин доктору даражалары берилет (жогорку окуу жайлардын, илимий изилдөө мекемелеринин илимий кеңеши тарабынан).

Илимий даража берүү (КПСС БК менен СССР Министрлер Советинин 1974-жылы 18-октябрдагы «Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоону мындан ары да өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» деген токтомунун негизинде илимий кеңештин чечимин СССР Министрлер Советинин Жогорку аттестация комиссиясы карап чыгып, бекиткенден кийин күчүнө кирчү) Кыргызстанда Улуттук Жогорку аттестация комиссиясы бекитет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9