Илимий популярдуу адабият

Википедия дан

Илимий популярдуу адабият - илим жана илимпоздор жөнүндө калктью кальщ катмарына арналып жазылган чыгармалар.

Илимий популярдуу адабиятка түптөнгөн жана колдонмо илимдердин негизги жана айрым маселелери, саякаттар жана илимпоздор жөнүндө жазышган ар кайсы жанрдагы чыгармалар кирет. Европада илим жөнүндөгү биринчи популярдуу чыгармаларды Лукреций Кар («Нерсенин табияты жөнүндө), M. В. Ломоносов («Айнектин пайдасы жөнүндө кат») ыр түрүндө жазган. Россияда илим жөнүндөгү алгачкы популярдуу чыгармалар 18-кылымдын 1-чейрегинде чыга баштаган. Октябрь революциясынан кийин илим-билимди эл арасына пропагандалоо жана жайылтуу мамлекеттик мааниси бар ишке айланган.

1919-жылы Мамбаста (Госиздат) илимий популярдуу адабият бөлүмү ачылып, окурмандардын ар кыл катмарына арналган жалпы билимден кабар берүүчү сериялар («Илим жалпыга», «Жумушчу китеп текчеси» ж.б.) чыга баштаган. Журнал-газета бирикмеси, кийин «Молодая гвардия» басмасы «Мыкты адамдын өмүрү» аттуу серияда китеп чыгарууга киришкен.

Илимий популярдуу адабиятты түзүп өнүктүрүүгө белгилүү илимпоз, жазуучу, журналисттер (С. И. Вавилов, В. А. Обручев, A. Е. Ферсман, В. С. Житков, В. И. Орлов, Я. К. Голованов ж. б.) катышкан. 1974-жылы СССРде 2392 наамдагы илимий тголулярдуу китеп, китепче (77 100 миң даана) басылган. Азыркы кездеги илимдин табылгаларын таратууда «Илим жана адамзат», «Эврика», «Купуя сырларга сапар» деген бир жылдыктардын (ежегодник) ж.б. журналдардын мааниси зор.

Кыргызстанда илимий популярдуу адабият негизинен «Кыргызстан» басмасынан чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9