Илимий саясат

Википедия дан

Илимий саясат - саясий өнүгүүнүн узак процесси жана бардык илимий, философиялык баскычтарга негизделип, акыркы жүз жылдыкта тигил же бул түрүндө иш жүзүнө ашып, тарыхта өтө маанилүү роль ойногон коомдук өнүгүү жана кайра түзүүнүн көп сандуу илимий, философиялык долбоорлоруна: жарандык коом, укуктук мамлекет, бийликтин бөлүштүрүлүшү, согушка каршы багытталган саясий өзгөрүүлөр, адам укугун коргоо идеялары, демократия ж.б. сыяктуу долбоорлорго таянуу менен XX к. бери ишке аша баштаган саясий концепция.

Мунун негизинде адамзаттын бул жетишүүлөрү саясатты мындан ары дагы «илимдештирет» деп үмүттөндүрөт, бирок муну менен кошо бул процесстин принципиалдык маселелерин да көз жаздымда калтырууга болбойт. Саясий билимдин функцияларын иш жүзүнө ашыруу, демек, анын изилдениши жана коомдук милдетин чечмелөө аркылуу илим менен саясатты бири-бирине абдан тыкыс жакындаштыруу аркылуу философтордун бийлигин курууга ниеттенген байыркы Платон баштап, аттары анча унутула элек кечээги саясатчылар да умтулуп, кылымдар бою саясий жактан артыкча такшалган акылмандар дагы эңсеп келген аталышы чуулгандуу «илимий саясаттын» жогорку чегине жетүүгө мүмкүн болмок. Байыркы доор же азыркы учур болсун билим (чыныгы илимдин өзүн албаганда) жана саясат ар дайым өз ара аракеттенип келген жана бөлүнгөн эмес: билим бул - бийликтин өзү сыяктуу саясаттын өзү - билим, бийлик дагы бул - билим болгон. Кол башчынын жанында ар дайым кечил, король же президенти жанында окумуштуулар же акылман кеңешчилер жүрсө, бийликти бөлүштүрүү менен аткаруу бийлигинин практикалык билими жана сот бийлигине профессионалдуу көзөмөл жүргүзө турган компетенттүү мыйзам чыгаруучуларды жөн жерден бириктирген эмес. Саясат менен илим мамилесиндеги прогресс саясий ордолордун айланасына акыл тапкыч борборлорду жана партиянын, өкмөттүн, мамлекеттик мекемелердин адистештирилген кеңешмесин баш коштурду. Азыркы учурдагы мамлекетти башкарууда жана эл аралык мамиледеги саясий милдеттердин оорлошу саясат менен илим союзуна ар дайым жогорулаган талаптарды коюп, жоопкерчилигин арттырат. Ошону менен бирге практика менен теория сыяктуу эле илим менен саясатта дагы чоң айырмачылыктар бар. Болгону бул экөө өз ара жакындыгы, түшүнүп билүүсү аркылуу аракеттениши керек жана аракеттенет. Алардын мамилеси бир бүтүндүн эки жартысындай шайкеш, бирдей эмес: илим саясаттын эмне экенин түшүндүрөт, ага жардам берет, кийлигишет, бирок илимди саясат деп айтууга болбойт.

Мындан тышкары кайсы бир окумуштуунун саясатка кийлигишүү чарасы функционалдуу түрдө гана эмес, канчалык чектелүү болсун, анын авторитетине жана илимдин коомдогу абалына (бул абдан маанилүү) жана илим сунуштаган нерселерге саясатчынын көз карашы жана өздүк деңгээлине карай саясатты илим катары түшүнүүгө болот, бирок бул түшүнүк чексиз жана эч кандай талашсыз эмес. Саясатчы болсо оз тарабынан заказ берүүчү катары илимий изилдөөлөрдү аныктабаганы менен анын тыянагына макул болуу-болбоосу өз эрки.

Окумуштуу-теоретик катары саясатчы боло албайт, ал эми саясатчы катары ал илим менен байланышуудан ажырайт. Тарых барактарындагы бул эки функцияны бириктирүүгө жасалган кээ бир аракеттер трагедиялуу болбосо дагы өтө кайгылуу жыйынтыктарга алып келген. Албетте, көрүнүктүү саясий окумуштуу жана саясий ишмерлердин бири болгон Ленин практикалык маселелерди чечүүдө саясатты илимден бийик койгон - ошондуктан Октябрь революциясынан кийин башталган саясий багыттардын тынымсыз алмашуусу жана ошол багытты тандоодо (өнүгүүгө жетише элек доор жана даяр эмес өлкөдө социализмди куруу ж.б.) маселени «иш үстүндө» чечүү боюнча ж.б. сыяктуу көптөгөн тарыхый жаңылыштыктар кетирилген. Ошол эле учурда ал үчүн стратегиялык жаңылыштыктарын айтып чыккан каршылаштарынын нааразылыктарын төгүнгө чыгаруу опоңой болгон: иш жүзүндө алар саясий абалга саясий ой жүгүртө алышкан эмес.

Ленин жок дегенде эле теория менен саясаттын карама-каршылыктарын түшүнө билген. Илимий билим менен саясатты гармониялуу түрдө толук бириктирүү оюн ишке ашырууга тоскоолдук кыла турган саясатка байланыштуу принципиалдуу, объективдүү себептер бир эле эмес, алар толтура. Чыныгы дүйнөгө түшүнүү, ошондой эле салыштырмалуу жана анык образдуу долбоор жаратуу үчүн практика менен теориянын айырмачылыктары сыяктуу эле саясат жана билим мамилеси өзгөчө касиет аркылуу аныкталып жана чектелип турат. Бул мамиле саясий процессисинин салыштырмалуу мүнөзүнө, анын белгисиздигине жана диний ишеним, миф, иллюзия, эрктүү же эрксиз өзүн-өзү алдоо, көндүм болуу, искусство, кумар, оюн сыяктуу саясаттын өзгөчө касиетине байланыштуу (бардык башка ишмердүүлүктөр сыяктуу эле) практика жүзүнө келгенде чектеле баштайт.

Рационалдык жана иррационалдык мындай чектөөлөр кандай гана аракеттер болбосун саясат менен билимди бириктирүүгө жол бербейт: алар өз алдынча жол, каражат, милдет жана функция аркылуу ишке ашат.

Саясат дагы, билим даты кандайдыр бир чындыкка жеткирет: бирок ал жалгыз эмес: саясий кыймыл, күрөш, мүнөзү, берилгендик, учурдагы чындык жана чындыкты бириктирүү принциби, система жана тармакты салыштыруу сыяктуу бир эле саясий жагдайдагы ар түрдүү чындык болуп калат.

Саясат менен билимдин ич ара аракети ушул чындыктарга макул болуу аркылуу ишке ашат. Ошол эле учурда кандайдыр бир рационалдуулукка карты турган иррационалдуу нерсе катары саясат менен илимий теория бири-бирине карама-каршы боло албайт. Алгач ал алардын экөөнө бирдей мүнөздүү, бирок саясат үчүн иррационалдуулук көбүрөөк касиет болуп эсептелет. Эгер өзүнөн башка интеллекттерди сүйбөй же баалабай жана илимден дагы алда канча жогору, чыныгы күч - талапташ, партия, эл массасын жана өзүнүн саясий тажрыйбасына же «көрөгөчтүгүнө» өтө ишенген жана илимий теорияны танган саясатчы гана ар дайым оз алдынча аракет кылууну көздөйт. Бирок, илим менен саясатта мамиленин бузулушу кандай коркунуч алып келери жакшы белгилүү: XX к. саясий ишмердүүлүккө катышууда жогорку жана ар дайым өсүп жаткан компетенцияны (бул саясий искусстводогу бардык маселени, сөзсүз жана айла жок керектүү интуитивдүү чечимдерди, салттуу саясаттын башка атрибуттарын чече албайт) талап кылат. Мындан тышкары өтө олуттуу саясий акциялар - революция, реформа, кайра куруулардын бардык түрү саясий өзгөрүүнүн масштабы жана концепциянын тереңдигине жараша аны алдын-ала иштеп чыгууну талап кылат. Импровизациялоо айла жоктон болушу мүмкүн, бул саясаттын өзгөчөлүгү, ошондой болсо дагы ал иррационалдуу жолдун натыйжасын эске албай, жон жерден жаралбашы керек. Буга жакында эле, жаңылоону эч кандай концепциясыз ишке ашырып, аягында андан дагы ажыраган, тарыхый өнүгүүгө арналган программаны жол үстүндө, ийгиликсиз, иш жүзүндө көз жумуу менен кабыл алып, коомдун бардык катмарында экономикалык, улуттук, геосаясий, маданий, руханий жактан перманенттик жаңжалдарды жаратып, саясий жана социалдык түзүмдөрдү стихиялуу жоюп салган - Горбачев демилгелеген советтик кайра курууну мисал кылууга болот. Ошондуктан саясатчы-практиктерге тарыхый өнүгүү жолунда саясатка, мындай маселелерди чечүүдө саясий билимдин ролуна кайра-кайра көңүл буруп турушуна негиз бар. Өзгөчө - ошондой эле өнүгүү жолундагы кризистерди жонго салуу, ал маселени чечүү үчүн салым кошуу зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8